Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИ мен ойлогон окуу жайлардын арасында

17-сентябрь КРнын вице премьер министри Ниязалиева Дамира Абаскановна, КРнын билим берүү министрлигинин стат-катчысы Калыс Шадыканов, Ош шаардык билим берүү башчысы Куштарбек Кимсанов Ош гуманитардык-педагогикалык институтунан кабар алды. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.

         Жалпы окуу жайдын окутуучулар жамааты жылуу тосуп алып, жаңы салынып жаткан имараты менен тааныштырды.

“Окуу жайдын 90 жылдыгына карата бүтүү алдында турган имарат ак жолтой, билимге бай, ынтымак-ырыс уялаган билим берүү мекемеси болсун. Бардык жактан ыңгайлуу жайгашкан, базасы кенен, мүмкүнчүлүктөрү бар, мугалимдерди даярдоодо  чоң салым кошуп келе жаткан ОГПИ мен ойлогондой окуу жай экен. Демек мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн сиздердин да колдооңуздар, сунуштарыңыздар керек” - деди вице пример министр Дамира Абаскановна өз сөзүндө.

Соң келген коноктор студенттер жатаканасы менен таанышып, андагы студенттер үчүн түзүлгөн шарттарды көрүп, жашоочу студенттер менен кыскача маектешти.