Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Область аралык спартакиада

2015 жылдын 24-25 апрель күндөрү Ош ОПК тарабынан уюштурулган областтар аралык спартакиадага Ош мамлекеттик социалдык университетинен да мугалимдер жамааты активдуу катышышты. Улуттук ордо оюнунан эркектер жамааты 2 орунду, шахмат боюнча аялдар жамааты 3 орунду камсыз кылышты. Бул уюштурулган спартакиадада профсоюз комитетинин төрагасы Мамажакып уулу Чынгыз университеттин намысын коргоп жаткан оюнчуларга дем, күч берип, жакындан көмөк көрсөттү. Катышуучулар баалуу белектер жана ардак грамоталар менен сыйланышты.