Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокендин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын ийгилиги

2023-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети тарабынан «Маалымат иштерин уюштуруу боюнча эң мыкты райондук, шаардык, жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын кесиптик бирлик комитети» республикалык кароо-сынагы уюштурулуп, анын алкагында баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын ишин чагылдыруу максатында социалдык тармактар үчүн сынак жарыяланган.

Бул сынакка Ноокен районунан №16 Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Айназик Мурзакулова, №6 “Арал” орто мектебинин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Алтынай Эргешова, №42 “Нур-Айым” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Жумагул Тешебаева катышышты.

Жыйынтыгында аталган сынактын бардык шарттарын аткаргандыгы үчүн гран при: №42 “Нур-Айым” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Жумагул Тешебаева, 1-орун №16 Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Айназик Мурзакулова, 3-орун №6 “Арал” орто мектебинин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Алтынай Эргешовалар ээ болушту.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитети