Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш чарасынан

 

Быйылкы бүтүрүүчүлөр үчүн акыркы коңгуроо калды...

Ноокенде “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш чарасынан

 

Республикабыздын баардык мектептеринда 2014-жылдын 24-май күнү окуу жылы аяктагандыгына байланыштуу “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш чарасы өткөрүлдү. Ноокен району боюнча 2013-2014-окуу жылында 9-классты 2365 окуучу, 11-классты 1393 окуучу бүтүрдү.

         Районубуздун бардык мектептеринде салтанаттуу азем Кыргыз Республикасынын мамлекеттик белгилери менен жасалгаланып, Кыргыз Республикасынын Гимнинин коштоосунда, райондук билим берүү бөлүмүнүн, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, укук коргоо органдарынын жана ата-энелердин, коомчулуктун өкүлдөрүнүн коштоосунда өткөрүлдү.

         Иш чараларды өткөрүү учурунда окуучулардын өмүрүн сактоо үчүн бардык техникалык коопсуздук эрежелердин сакталышына көзөмөл жүргүзүлүп, атайын нөөмөтчүлөр уюштурулду.

         Мектепти мурда бүтүрүп кеткен бүтүрүүчүлөр башкача айтканда 20, 30 жылдык жолугушууга келген меймандар тарабынан окуучулар үчүн керектүү болгон каржаттар, эмеректер жана ар түрдүү инвентарларды белекке берилди.

 

Ноокен райондук билим бер берүү бөлүмүнүн пресс-катчысы:         УЛАН Уметов