Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Н.Исановко арналган Эл аралык турнир

Жалал-Абад областынын Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы «Нефтчи» спорт комплексинде 2015-жылдын 5-8-ноябрында Кыргыз Республикасынын биринчи Премьер-министри, мамлекеттик жана коомдук ишмер Н.Исановдун жаркын элесине арналган спорттун бокс түрү боюнча  2000-2003 ж.туулган балдардын арасында Эл аралык турнир өткөрүлдү. Аталган турнирге боордош Казакстан, Таджикстан жана Кыргыз Республикасынан мушкерлер келип катышышты.     

                            Мелдешти өткөрүүгө жана уюштурууга  Кочкор-Ата шаар мэриясы   120 000 ( бир жүз жыйырма миң) сом акча каражаты менен көмөк көрсөттү.

            Мелдештин жыйынтыгында командалык эсеп менен

 1-орунду Майлуу-Суу шаары ;

 2- орун  Ош шаары;

3-оруну Бишкек шаары;

4-орун Кара-Көл шаары;

5-орун Базар-Коргон;

6-орун Кочкор-Ата шаары

7-орун Токмок шаары;

8-орун Жалал-Абад шаары;

9-орун Казакстан-Тараз шаары;

10-орун Кызыл-Кыя шаары;

11-орунду  Шамалды –Сай шаары

12-орунду Таджикстан  ээлешти.

Мелдештин аягында боордош мамлекеттен келгендерге Кочкор-Ата шаарынын мэри Кубанычбек Мырзамамытович Эгембердиев эстелик үчүн белектерин тапшырды. Эл аралык турнирдин өткөрүлүшү менен  окуучулардын жана машыктыруучулардын, жалпы эле элдердин ортосундагы  достукту  бекемдөөгө шарттар түзүлдү.Меймандар турнирдин уюштуруучуларына ыраазычылыктарын  билдиришти

 

Даярдаган:Кочкор-Ата  спорт  мектебинин директору, Билим,илим  профсоюзунун Ноокен райкомунун  Президиумунун  мүчөсү- Алишер Усманов.