Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мыкты кесиптик бирлик уюму - 2023

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан жарыяланган “Маалымат иштерин уюштуруу боюнча эң мыкты райондук, шаардык, жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын кесиптик бирлик комитети” республикалык кароо-сынагынын алкагында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитети тарабынан “Мыкты кесиптик бирлик уюму - 2023” кароо-сынагы өткөрүлүп, жыйынтыкталды.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетине түшкөн сунуштардын негизинде бул жылы жалпысынан район боюнча 8 мектеп жана 7 балдар бакчасынын баштапкы кесиптик бирлик уюмдары катышышты.

Уюштуруу тобу 9-10-октябрь күндөрү баштапкы кесиптик бирлик уюмдарында болуп, аткарылган иштер жана кароо-сынактын шарты боюнча ордунда карап чыгышты. Анын негизинде жалпы жыйынтык чыгарылып жеңүүчүлөр аныкталды.

Жыйынтыгында балдар бакчалары боюнча:

1. 1-орун №49 “Таштак” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик бирлик уюму, төрайымы Абдумуталибова Айгумуш Абдумуталибовна;

2. 2-орун №32 “Таң нуру” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик бирлик уюму, төрайымы Джолдошева Гулзат Джаныбековна;

3. 3-орун №26 “Ак шоола” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик бирлик уюму, төрайымы Каипова Гульзат Асылбековна;

4. 3-орун №8 Казипа балдар бакчасынын баштапкы кесиптик бирлик уюму, төрайымы Сатиева Гулжамал Анарбековна.

Мектептер боюнча: 

1. 1-орун №14 И.Губкин атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик бирлик уюму, төрайымы Кулназарова Таттыбү Тынычбековна;

2. 2-орун №11 Э.Алиев атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик бирлик уюму, төрайымы  Төрөева Гулжамал Ысмайыловна;

3. 3-орун №4 А.Сатаров атындагы орто орто мектебинин баштапкы кесиптик бирлик уюму, төрайымы  Абдразакова Акылай Нарбаевна;

Жеңүүчүлөр Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин жыйынтыктоочу семинарында сыйланышат.

 

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитетинин инспектору Т.Бакиров