Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдерге акча каражаты бөлүнүп берилди

Жалал-Абад шаарында “Мугалимдин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы колдоого алынып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин сессиясында ар бир мугалимге коммуналдык чыгымдары үчүн 500 (беш жүз) сомдон акча каражаты бөлүнүп берилди.

Жалал-Абад шаардык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы М.Мамасыдыков, Жалал-Абад шаарынын мэри Э.Ормоков жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Н.Орозбаев менен "Мугалимдин статусу жөнүндө" КРнын мыйзамы жана мугалимдердин коомдогу кадыр-баркын көтөрүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

2021-2023-жылдар аралыгына Жалал-Абад шаардык мэриясы, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү, Кесиптик бирликтин Жалал-Абад шаардык комитети ортосунда "Билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык, укуктук кызыкчылыктарын коргоо жана тармакты өнүктүү" максатында үч тараптуу макулдашууга кол коюлган.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад шаардык кесиптик бирлик комитети