Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Мугалимдерге таазим этели !» аттуу салтанаттуу кече.

Мугалимдерден     күнүно     карата

       «Мугалимдерге таазим этелиаттуу  салтанаттуу кече 8 октябрь 2013 жылы  Билим берүү кызматкерлеринин  профсоюзунун Сузак райондук комитети  тарабынан  мугалимдердин кесиптик майрамына карата  өткөрүлдү. Салтанаттуу кече « Мадумар Ата « эс алуу борборунда уюштурулуп ага районубуздун ардагер эс алууда жүргөн мугалимдери,  турдуу кароо сынактардын женүүчүлөрү окуучулары, областтык республикалык олимпиадада байгелуу орунду камсыз кылган  жана биринчи жылы мектепке ишке келген жаш мугалимдер баары болуп 526 мугалим катышты. Майрамдык кечеге сый тамак уюштурулуп кызыктуу концерттик программалар менен коштолду.Салтанаттуу кечени  Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Орозалиев ачып  мугалимдердин ийгиликтери жөнүндө кеңири сүйлөп аларга ыраазычылык каалолорун айтып Билим беруу министрлигинен берилген « Билим берүүнүн мыктысы « тош белгиси  жана Ардак Грамоталарды алдынкы мугалимдерге тапшырды. Мугалимдерди куттуктап Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Н. С Мырзахмедов катышып куттуктоо соз сүйлөп алдынкы мугалимдерге акимчиликтин Ардак Грамоталарын тапшырды.Мугалимдерибизди куттуктап Билим илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал Абад облустук комитетинин  уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов келип Алдынкы профсоюздун активдҮҮ  кызматкерлерине  Борбордук Комитеттин « Профсоюздук кыймылдын мыктысы» тӨш белгилерин жана Ардак грамоталарын тапшырды.

 

 

 


 


 


Сузак райкомунун торагасы                                                        Исмаилов А.