Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин кесиптик майрамы болуп өттү

2015-жылдын 23-октябрь күнү Кара-Суу райондук  мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Матраимов Тилекбек Исмаиловичтин демилгеси менен билим берүү мекемелеринде эмгектенип жаткан 300 дөн ашуун ардагер, чыгармачыл, эӊ алдыӊкы мугалимдерди жана мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда мугалимдердин кесиптик майрамын жогорку деӊгээлде  белгилеп  өткөрдү.

       Майрамдык концерттик программалар менен коштолуп, ыраазычылык сөздөр, каалоо-тилектер айтылды.

       Билим берүү кызматкерлеринин райондук профсоюз комитети тарабынан майрамдык кечеге катышкан билим берүү кызматкерлерине баалуу сыйлык уюштурулду.