Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин жазгы эс алуусу

2023-жылдын 18-21-март күндөрү Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы № 34 Н.И.Мешков мектебиндеги мугалимдер жамааты жазгы каникул учурунда Бухара, Самарканд, Ташкент шаарына 3 күндүк эс алууга барып келишти. Аталган эс алууга Аксы райондук кесиптик бирлиги тарабынан акча каражаты бөлүнүп, мугалимдерге кыска мөөнөттөгү жакшы эс алуу тартуулады. Мугалимдер Бухарадагы Саманиддер, Чашмаи - Аюб мавзалейин , "Боло-Хаус" мечитин, " Улугбек", "Абдулазиз Хан", "Мир-Абад" медреселерин жана "Колон" минаретин, Арк чебин жана башка бир катар тарыхый жайларга күбө болуп кайтышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Жалал-Абад шаардык комитети