Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин жайкы эс алуусу

Кыргызстан - керемет кооздукка бөлөгөн ажайып өлкө. Анын суктанганга арзый турган, көз жоосун алган эң сонун жерлери көп. Ошол кереметтүү жерде эс алуу абдан жанга жагымдуу болот эмеспи. Анын сыңары Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында жайгашкан Н.И.Мешков мектебинин жамааты жылда кооз жерлерге барып эс алып кайтышат.

Ал эми быйылкы жайкы эс алуусу 2023-жылдын 18-19-июль күндөрү эң мыкты кооздук даарыган айтылуу Кызыл-Үңкүр жергесинде уланды. Ал жер асман тиреген тоолору, арча-карагай, алма, долоно, карагат, жаңгак ж.б. өсүмдүктөрдөн турган жапжашыл токойлору, таштан-ташка октос берип, шарылдап аккан тунук суулары менен адамды өзүнө тартып турат экен. Андан сырткары борчук-борчук кооз таштары, бийиктиктен атырылып агып жаткан шаркыратмасы, кызыл менен боёп койгондой кыпкызыл үңкүрү, жолдогу жапжашыл жаңгак тунели адамдын жан дүйнөсүн эс алдырат. Жылдан-жылга аккан мөлтүр мөңгү суулары ден соолукка даба болуп, жайдын аптаптуу ысыгында муздактыгы муздаткычтын суусунан кем калышпай, дениңдин моокумун кандырат.

Мына ушундай жаратылышы кереметтүү кооз, "бах" деп суктандырган Кызыл-Үңкүр жергесинде жогоруда аталган мектептин мугалимдери жана тех.кызматкерлери таза абасынан кере-кере дем алып, түнкү салкындыгына көшүлө укташып, күндүзгү керимсел шамалына беттерин аймалатып эң сонун эс алып кайтышты.Эс алуу эки күнгө созулуп, эс алуучулардын убакыты текке кеткен жок. Эс алуучулар улуттук суусундук болгон кымыздан, жармадан даам татышып, каймактарга нанды матыра жешип,тамакты ачыштыра койгон балынан ооз тийишип,ден соолуктун камын көрүштү. Сапарыбыз карып, барган автоунаабыз менен кайра артка карай жол алдык. Жолдо даамдуу тамак-аштардан тамактанып, даамдуу балмуздактардан азыктанып, бассейнге түшүп, денени эс алдырып, күн уясына кирерге жакын үйү-үйүбүзгө таркадык. Эс алуучулардын баары эң сонун эс алышканын айтышып, профком С.Атамкулова баштаган уюштуруучу топко ыраазычылыктарын билдиришти. Ошондой эле 2023-2024-окуу жылына жаңы дем, жаңы күч менен кайтып, көп-көп ийгиликтердин жаралышын каалашты.

 

Маалыматты даярдаган: Н.И.Мешков атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик бирлик уюму