Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин эс алуусу

Жалал-Абад областына караштуу Аксы районундагы билим беүү мекемелеринде иштеген 5 кызматкер “Жалал-Абад” санаториясында дарыланып келишти. Алар билим берүү тармагында көп жыл эмгектенип, ошондой эле профсоюз мүчөсү болуп келген. Алардын эмгектери бааланып, он күндүк эс алууга жөнөтүлдү.

Аталган жолдомолор Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан каржыланган. Эс алып келген кызматкерлер Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетине ыраазычылык билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Билим жана илим кызматкерлеринин Аксы райондук комитети