Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин эс алуусу уюштурулду

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин иш планына ылайык “Жайкы эс алуу-2023” иш-чараларынын алкагында 2023-жылдын 5-7-июль күндөрү Ноокен районундагы бала бакчалардан 2ден жана 12-14-июль күндөрү мектептерден 2ден жалпы 210 профсоюз мүчөсү, ал эми 4-6-июль күндөрү 18 ардагер мугалимдин Арстанбап-Ата турпансионатында  эс алуусу уюштурулду.

Тамак-ашы, жатаканасы жана жол киреси толук Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитети тарабынан төлөнүп берилди. Эс алуунун жүрүшүндө Арстанбаптагы кооз жерлерин зыярат кылышты. Андан сырткары атайын концерттик программалар уюштурулуп, жагымдуу маанайда өткөрүлдү. Алдыда дагы мугалимдердин ден соолугун чыңдоо жана бекемдөө иш-чаралары улантылмакчы.                                                                                            

 

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБнын инспектору Т.Бакиров