Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдер жаны конуштуу болушту

Жалал- Абад  областына  караштуу  Кара- Кол шаарында кубанычтуу  окуя  болду. Союз  мезгилинде   башталып,  ошол бойдон токтоп калган Завод  көчөсүндөгү  №4 үйдүн негизги курулуш иштери бүткөрүлүп, квартиралардын ачкычтары ээлерине тапшырылды.Бул үйдү  шаардын мэринин демилгеси менен мугалимдерге жана врачтарга берүү  максатында иштер жүрүп, атайын тендер өткөрүлдү.  3 жылдык мөөнөткө  ипотекалык кредиттерди   алышып,  социалдык тармакта иштеген 24 үй- бүлө , анын ичинде   ШБББно караштуу мектептерде иштеген 4 мугалим квартиралуу болушту.