Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдер шаар мэрине ыраазы

2015-жылдын 27-февраль  күнү  Ноокен  районундагы  Кочкор-Ата  шаарынын  №15 Беки  уулу  Семетей атындагы орто мектебинде «Ачык  эшиктер  күнү» өткөрүлүп, анда мектептердин  директорлору, шаардык мэриянын кызматкерлери,  шаардык  кеӊештин  депутаттары, ишкана мекемелердин  жетекчилери, «Кыргызнефтегаз»  ААКнун өкүлдөрү, райБББнун  кызматкерлери катышты. Катышуучулар   жаӊы  технологиялар  менен  өтүлгөн инновациялык сабактарга  күбө  болушуп, окуу-тарбия  иштериндеги жаӊыланууларга ыраазы болушту.                              

Иш-чаранын 2-бөлүгүндө мерия тарабынан 5млн. сом каражат жумшалып, капыталдык  ремонттон  чыгарылган спорттук жана  жыйындар залдары менен 2  кабаттуу имараттин  ишке  берүү  аземи  болду. Жаӊыдан  ремонтолгон  жыйындар  залында Улуу Жеӊиштин 70  жылдыгына карата класстан  тышкаркы иш-чара  болуп, анда шаар  Мэри К.М.Эгембердиев, шаардык  кеӊештин  төрагасынын  орун  басары А.Нусупбеков, билим, илим  профсоюзунун  райондук комитетинин  төрагасы  А.Айдаровтор жаӊы ишке берилген имарат менен  мектептин  жамаатын  куттукташты. А.Айдаров мэрге билим берүү  тармагына көрсөтүп жаткан жардамдары, материалдык  колдоолору үчүн  ыраазычылыктарын билдирип, жакында тапшырылган Борбордук  Комитеттин  «Билим, илим  профсоюзунун  отличниги» төш белгиси  сыйлыгы  менен куттуктады   жана мектептин  жамаатын  «Арстанбап»  пансионатына   жолдомо  менен  сыйлады.

                 Катышуучулар иш-чарадан көп жаӊылыктарды алышкандыгын  белгилешип, өзгөчө мэриянын ишинен өтө  ыраазы болушту. Мектептин  директору Б. Арапбаев  мэрияга жана  «Кыргызнефтегаз»  ААКнун  жетекчилерине, катышуучуларга  рахматтарын  айтып,  ыраазычылыктарын билдирип, окуу-тарбия  ишин сапатын  көтөрүүгө убадасын  беришти.

Ноокен райондук билим  берүү  бөлү мүнүн   пресс-катчысы-

Барно Абдурахманова