Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдер арасындагы райондук Спартакиаданын өткөндүгү жөнүндө

Мугалимдер арасында спортту, жашоонун сергек мүнөзүн өнүктүрүү жана мектептер арасындагы социалдык өнөктөштүктү чыӊдоо максатында Токтогул райондук билим берүү бөлүмү жана Токтогул райондук профсоюз комитетинин биргелешип уюштуруусу менен мектептар аралык спартакиада 2015-жылдын 23-марта башталып 24-мартында финалдык беттешүүлөр болуп аяктады. Жалпысынан 30-орто мектеп катышты. Мелдешке Токтогул районунун акими жана ардагер спортчулар мекеме жетекчилери күйөрман жана көрүүчү болуп  мелдеш кызуу жана калыстыкта жогорку деӊгээлде өттү. Байгелүү орундар волейбол 1,2,3,4  орунга чейин, Тогуз коргоол 1,2,3, орунга чейин агайлар жана эжекелер арасында, шахмат 1,2,3 орун агайлар жана эжейлер арасында, теннис 1,2,3 орун агайлар жана эжейлер арасында булардан сырткары номинациялар  эӊ мыкты чабуулчу агай, эӊ мыкты чабуулчу эжей, эӊ мыкты коргоочу агай, эӊ мыкты коргоочу эжей,  эӊ мыкты  оюнчу агай, эӊ мыкты оюнчу эжеке жана ардагер спортчу агай, ардагер спортчу эжеке болуп жалпы 30 байгелуу орун жана биринчи, экинчи орунду алган эки команданын мектеп директорлоруна эки кишилик 10-күндүк путевка тапшырылды. Ар бир жеӊүүчүлөр  грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Байгелердин баардыгы Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн Профсоюз комитетинин бюджетинен каралды.