Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдер менен жолугушуу

Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Э.Баймуратов жана райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетиин төрагасы  Ж.Дурусалиев менен бирдикте райондогу алыскы Көк-Серек айыл аймагындагы үч  мектептин мугалимдери менен жер-жерлеринде жолугушууларды өткөрүштү.

Ала-Бука райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Ж.Дурусалиев мугалимдердин укугу эмгек кодексинин негизинде корголооруна токтолуп, даярдоо классын окутуп жаткан  мугалимдерге каникул учурундагы айлык акысын оң жагына чечүүгө аракетин жасоону билдирдирди жана азыркы учурда мугалимдердин айлык акылары бир топ жакшы болуп жаткандыгына токтолду.

Мугалимдер жамааты Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүнө жана билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетине ыразычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Ала-Бука райондук билим жана лим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети