Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Мугалимдер-2023" спартакиадасы

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ысык-Ата райондук комитети жана Ысык-Ата районунун билим берүү бөлүмү менен биргеликте билим берүү тармагынын кызматкерлеринин ден соолуктарын чыңдоо максатында спартакиада уюштурду. Иш-чаранын негизги максаты - мугалимдер арасында сергек жашоо образын жайылтуу. Аталаган спорттук иш-чара волейбол, кичи футбол, стол тенниси, шахмат жана тогуз коргоол оюндары арасында өткөрүлдү.Спартакиадага 65 жаштан жогорку мугалимдер да катышып, жыйынтыгында Ново-Покровка командасы I орунду камсыз кылды. Спорттун бардык түрү боюнча жетишкендиктери үчүн мугалимдер акчалай сыйлыктар жана дипломдор менен сыйланышты. Катышуучулар кесиптик бирликтин Ысык-Ата райондук комитетинин төрайымы Б.Тыныбековага терең ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ысык-Ата райондук комитети