Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим – жакшылыктардын башаты

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда мугалимдер күнү майрамдалды. Ардагерлер күнү менен кошо келген бул иш-чарага ардактуу ОГПИде иштеп кеткен мугалимдерибиз, ошондой эле Ош шаарынын мэри Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич күбө болду. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.

         Окуу жайда үзүрлүү эмгектенип келе жаткан окутуучуларды куттуктаган ректор Б.Б.Зулуев мындай татаал, ары түйшүктүү кесипти аркалаган окутуучулар жамаатынын иштерине ийгилик, изденүүчүлүк, талыкпаган эмгек каалады. Ошондой эле институтта студенттер жана окутуучуларга акыркы мезгилдеги түзүлүп жаткан шарттарга токтолуу менен мындан ары ар тараптуу кадрларды даярдоодо болгон эмгектер жумшалаарын айтып, сапаттуу мугалим, сапаттуу студент, сапаттуу окуу предметтери болооруна келечекте шарт түзөөрүн айтты.

         Сөзгө чыккан Айтмамат Тентибаевич майрам ээлерине куттуктоо жолдоп, өзгөчө түштүк жергесиндеги орто мектептерди мугалимдер менен камсыз кылып келе жаткан түптүү окуу жай экендигин айтуу менен бүгүнкү күндүн талабына ылайыкталган борборлорун атап, жылуу сөздөрүн ыроолоду. Ошону менен бирге Ош областык мамлекеттик администрациянын, Ош шаардык мериянын, окуу жайдын «Ардак грамоталары» акчалай сыйлыктар тапшырылып, маанайды көтөргөн таланттуу окутуучулардын концерттик программасы тартууланды.