Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Миң -Куш айылында президиум болуп өттү

Жумгал  райондук  билим  берүү  кызматкерлеринин  кесиптик уюму тарабынан 4-апрелде  Миң-Куш айылында атайын президум болуп өттү. Бул президиумга  Мин-куш айылынын айыл  өкмөт  башчысы,  бухгалтери, 4 бала бакчанын, 3 мектептин жетекчилери жана кызматкерлери катышты. Президумдун күн  тартибинде  2  маселе:

  1. Миң-Куш айылында  жайгашкан   билим  берүү  мекемелеринде  эмгек акыга  кошумча төлөмдөрдүн  жүргүзүлүшү,
  2. Билим берүү кызматкерлеринин иш токтоо убагында өргүүгө кетүүсү каралды.

Катышуучулар   түшүнбөгөн  суроолоруна  жооп алышып, айыл  өкмөттүн эсепчиси  менен  болгон  келишпестиктер  жөнүндө  түшүндүрмөлөрдү угушуп  кайтышты.