Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Мен Кыргызстандыкмын жана ошону менен сыймыктанамын»

     Токтогул райондук билим берүү бөлүмү жана Токтогул райондук профсоюз комитетинин колдоосу менен  Балдар чыгармачылык үйү 2016-жылдын 18-февралында «Мен Кыргызстандыкмын жана ошону менен сыймыктанамын» аттуу вокалисттердин конкурсу болуп өттү. Конкурска Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу баардык мектептерден конкурсанттар катышышты. Конкуртун жыйынтыгында байгелүү орундарга Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн жана Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн  профсоюзунун грамоталары тапшырылды. Биринчи орун алган эки окуучуну Жалал-Абад шаарына областык конкурска катышууга Токтогул райондук профсоюз уюму колдоо көрсөтүп  даярдашууда.