Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектепке чейинки билим берүү мекемелери үчүн семинар өттү.

  Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Тогуз-Торо райондук  комитети мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде иштеген кызматкерлер учун 2016-жылдын  8-февралында  семинардык окуу өткөрдү. Семинарга мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде директорлору, профсоюз жетекчилери жана тарбиячылары, билим берүү бөлүмүнүн борборлоштурулган бухгалтериянын экономисти катышты. Семинарда негизинен 3 маселе боюнча өттү.

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жыл 9-июль №473 токтому жана 2016-жыл 2-декабрындагы №816 токтому боюнча билим берүү кызматкерлердин эмгек акысын эсептөө.
  2. Эмгек жана социалдык өргүүлөрдү ыйгаруу жана төлөө тартиби
  3. Билим берүү кызматкерлердин эмгегин коргоо жана иштөө шарттын жакшыртуу.

Билим берүү бөлүмүнүн борборлоштурулган бухгалтериянын экономисти А.Бубаев мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде иштеген кызматкерлердин эмгек акысын эсептөө боюнча доскага чыгарып, тушундуруп берди.

Эмгек жана социалдык өргүүлөрдү ыйгаруу жана эмгегин коргоо боюнча      райондук  комитети төрагасы  З.Ажыбаев кеӊири түшүндүрдү.

Семинардын катышуучулары семинарда керектүү маалыматтарды алгандарын билдирүү менен семинарды уюштургандарга ыраазычылыктары билдиришти.

 

Тогуз-Торо райком профсоюзу