Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мамлекеттик тил майрамы ОшМУнун бардык структураларында белгиленди

             Кыргыз Республикасынын Мамлекетик тил Мыйзамынын 26 жылдыгына арналган салтанаттуу кечелер КРдин Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Жобосуна ылайык ОшМУнун бардык структураларында белгиленди.

              Алардын айрымдарына токтоло кетсек 18-сентябрь күнү медицина факультетинде мамлекеттик тил күнүнө жана Касым Тыныстановдун жаркын элесине арналган адабий-музыкалык кече тартууланса, ушул эле күнү  физика-техника жана МИТ факультеттеринин 1 -курстарынын арасында "Кыргыз тилин сактап калчу, барктап алчу, эң бир кымбат кыргызымдын урпактары" деген темада кечээ өткөрүлдү. 21-сентябрь күнү бизнес жана менеджмент факультетинде окутуучулар Б.Апышова жана Р.Шаимкулованын уюштуруусунда Мамлекеттик тил күнүнө карата "Кыргыз тилим-көөнөрбөс өчпөс дилим" деген аталышта иш-чара өткөрүлдү. 22-сентябрь күнү эл аралык мамилелер факультетинде иш чара  уюштурулуп анда мамлекеттик тилдин мааниси, бүгүнкү күндөгү абалы жана мамлекет тарабынан жасалып жаткан аракеттер жөнүндө сөз болду. Ушул эле күнү Орус филологиясы факультетинде уюштурулган салтанаттуу кечеде мамлекеттик тил жөнүндө көркөм окуулар, мамлекеттик ишмерлердин турмушунан сахналык көрүнүштөр, ыр-бийлер тартууланды.

               Ал эми  юридика факультетинде окутуучу К. Маданова уюштуруусунда Мамлекеттик тил күнүнө карата "Кылымга аты дал келген, кызыктуу оюн сармерден" аттуу кыз-жигит сармерден оюну болуп өтсө,  эл аралык мамилелер факультетинде окутуучу В.Калматованын уюштуруусунда "Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч аны өчүрө албайт тарыхтан" аттуу адабий-музыкалуу кече болуп өттү. Ушундай эле кечелер финансы-юридикалык колледжинде, Конфуций институттарында, «Билим», «Ыйман» лицейлеринде, «Зирек» балдар бакчасында  да жогорку деңгээлде уюштурулду. Мамлекеттик тилибиздин улуулугун, кадыр-баркын даңазалаган майрамдык иш-чараларга ректораттан, мамлекеттик тил кафедрасынан, факультеттердин, колледждердин, дицейлердин окутуучулар жамааттары, студенттери катышышты.

 «Мамлекеттик тилибиздин майрамын белгилөөдө  факультеттин жана коллеждердин кыргыз тилчи окутуучуларынын кылган эмгеги эбегейсиз. Анткени, билим сапарына жаңыдан гана аттанган жаш студент досторду алга жетелеп, алардын чыгармачылык шык-дараметин ойготуп, мамлекеттик тил майрамында эл алдына чыгып сүйлөөнү, эне тилди кадырлоого тарбиялашат. Мамлекеттик тил майрамында активдүү катышкан медициналык, финансы-юридикалык коллеждерди, орус филологиясы, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин, эл аралык мамилелер жана башкаруу, БжМ, МИТ, физика-техника факультеттерин, тарых, юридика, табият таануу жана география, медицина,чет тилдер факультетин, Конфуций институн атап айтсак болот. Мамлекеттик тил майрамына жигердүү катышкан студенттерге, факультеттердин, институттардын жетекчиликтерине терең ыраазычылык билдиребиз», -деди мамлекеттик тил борборунун жетекчиси Бактыгүл Байтикова.