Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Майрамдык маанай менен

 

Жакында Ак-Суу районунун маданият Үйүндѳ «Билим берүү кызматкерлеринин күнү» «Сапаттуу билим – биздин келечек!» деген ураан алдында салтанаттуу түрдѳ белгиленди. Бул майрамдык жыйынга 300дѳн ашык райондун билим тармагынын кызматкерлери катышышты.

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Ж.Байсеитов, жергиликтүү депутаттардын райондук кошмо жыйынынын тѳрагасы Т.Мукалаев, областтык билим берүү институтунун директору Ж.Урумов, райондук билим берүү бѳлүмүнүн башчысы М.Темиралиев, билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун тѳрага орун басары, Ысык-Кѳл областы боюнча уюштуруучусу Ѳ.Молдакматов жана райондук профсоюз комитетинин тѳрагасы Э.Садабаев райондун жалпы мугалимдерин кесиптик майрамы менен куттукташып Ардак Грамоталарды, баалуу белектерди, билим берүү министирлигинин, профсоюздун Борбордук Комитетинин отличниги тѳш белгилерин тапшырышты.

2013-2014-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча «Жылдын мыкты директору» наамына Ашубаев атындагы орто мектебинин директору Алтын Калчаева, ал эми «Жылдын мыкты профкому» наамына Истамбеков атындагы орто мектебинин профкому Назгүл Сабаева татыктуу болушуп атайын диплом жана баалуу сыйлыктарды алышты.

Салтанатта чыгып сүйлѳшкѳн билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун тѳрага орун басары, Ысык-Кѳл областы боюнча уюштуруучусу Ѳ.Молдакматов менен райондук профсоюз комитетинин тѳрагасы Э.Садабаев ѳз сѳздѳрүндѳ билим тармагынын профсоюзунун жүргүзүп жаткан иштери жана мугалимдердин эмгек акысын жогорулатуу боюнча аракеттер жѳнүндѳ кыскача маалымат беришти.

Ак-Суу райондук профсоюз комитети райондук билим берүү бѳлүмү менен биргеликте мугалимдердин кесиптик майрамын таасирдүү уюштурууга колдоо кѳрсѳтүп райондогу бардык баштапкы уюмдарга тиешелүү акча каражаттарын бѳлүп берген.  Мындан тышкары эмгек ардагерлерине, алдынкы профкомдорго баалуу белектер, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Салтанаттуу жыйында райондун мектептеринен ар-кыл кароо-сынактарга катышып, жеңүүчү болушкан чыгармачыл окуучулары ѳз күчтѳрү менен даярдашкан чакан концерттик номерлерин агай-эжелерине гүлдесте катары тартуулашты

 

Ж.Жунушева,

Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин кызматкери