Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Майлуу-Суу шаардык V конференциясы уюшкандыкта өткөрүлдү

2015-жылдын 10-апрелинде билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Майлуу-Суу шаардык V конференциясы уюшкандыкта өткөрүлдү.

       Конференцияда 2010-2014-жылда профсоюздун шаардык комитети тарабынан аткарылган иштери боюнча шааркомдун төрайымы Джураева Бусайра Парпиевна отчеттук доклад жасады. Слайддарда жана көргөзмөлөрдө аткарылган алгылыктуу иштер чагылдырылды.

      Текшерүү комиссиясынын отчеттук мезгилде жүргүзгөн иши боюнча баяндама менен Сейфулина Рима Мухаммедовна чыгып сүйлөдү.

      Докладдарды талкуулоо боюнча жарыш сөзгө чыгып сүйлөшкөн делегаттар шааркомдун отчеттук мезгилде жүргүзгөн иштерин «канаттандырарлык» деп табышты.

      Келечекте аткарылуучу иштерди белгилеген кеӊири токтом кабыл алынды.

      Кийинки мөөнөткө бир добуштан Джураева Бусайра Парпиевна шайланды.

     Конференциянын ишине профсоюздардын Жалал-Абад облустук Кеӊешинин төрагасы З.Жусмаматов, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун төрагасы К.Мурзакматов, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г.Карашова, профсоюздун Сузак жана Ноокен райкомдорунун жетекчилери катышышты.

     З.Жусмаматов, Г.Карашова, К.Мурзакматовдор профсоюздук кыймылдын учурдагы милдеттери, анын кадыр-баркын көтөрүү, социалдык өнөктөштүктү өркүндөтүү боюнча ойлорун ортого салышты.

 

Жалал – Абад обкомунун уюштуруу бөлүмү.