Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кыргыз тилчи мугалимдеринин семинары

Сузак районунун Т.Темирбаев атындагы гимназия мектебинде райондогу кыргыз тилчи мугалимдеринин семинары болуп өттү. Семинарда Т.Темирбаев атындагы гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Ташиева Гулай чыгармачылык отчеттук сабагын көрсөттү. Ташиева Гулай районубуздагы тажрыйбалуу мугалимдерден, себеби аны окуткан окуучулары райондук, областтык, республикалык олимпиадалардан дайыма байгелуу орундарды ээлешет. 2012 жылы аны окуткан окуучусу республикалык олимпиадада биринчиликти багындырып келди. Семинарга профсоюздардын Жалал Абад обкомунун төрагасы Мырзакматов К.С, уюштуруу бөлүм башчысы Бегматов А.Т, Областтык метод борбордун директорунун орун басары Турганбаев.Т, Сузак РБББ башчысынын милдетин аткаруучу Режавалиев Н.Профсоюздун Сузак райкомунун төрагасы Исмаилов А.А катышып куттуктоо сөз сүйлөшүп, өзгөчөлөнгөн мугалимдерге «Ардагер мугалим» төш белгисин тагышты. Ал эми Жалал Абад обкомунун атынан Мырзакматов төрт мугалимге Ардак грамоталарын акчалуу сыйлыгы менен тапшырды.