Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

КУРБАНБЕКОВА РАХАТ - МЫКТЫ ПРОФСОЮЗ УЮМУНУН ТӨРАЙЫМЫ

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  Баткен облустук комитетинин 2015-жылдын 24-августундагы №01-32/27 катына жана  облустук жаштар кеңешинин иш планына ылайык “2015-жылдын баштапкы кесиптик бирлик уюмунун мыкты төрагасы” деген аталыштагы жандуу кароо-сынак Баткен районунда 2015-жылдын 6-7-октябрь күндөрү  өткөрүлдү. 

Кароо-сынакка 10 баштапкы уюмдардан заявкалар түшүп, документтердин кароосунун жана жандуу кароо-сынактын жыйынтыктары боюнча  калыстар тобунун чечимине ылайык  Б.Байназаров атындагы башталгыч мектептин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Курбанбекова Р. 18 упайга, Чоң-Талаа  орто мектебинин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Жээнбаева Н. 17 упайга, Чек орто мектебинин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Сатарова З. 16 упайга ээ болушту.  Жалпы жыйынтык боюнча  18 упайга ээ болгон  Б.Байназаров атындагы башталгыч мектептин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Курбанбекова Р. жеңүүчү деп табылып, облустук турга катышууга укук алды.

“2015-жылдын баштапкы кесиптик бирлик уюмунун мыкты төрагасы” деген кароо-сынакта жеңүүчү болгон Курбанбекова Рахат Билим берүү тармагында 1991-жылдын бери эмгектенет. Курбанбекова Рахат башталгыч класстардын мугалими катары дайыма өз билимин өз алдынча өркүндөтүп турат. Алдыңкы мугалимдердин сабактарына жана класстан тышкаркы тарбиялык иштерине катышып, алардын алдыңкы иш тажрыйбаларын үйрөнүп келүүдө.1999-жылдан 2003-жылга чейин мектепте окуу бөлүмүн жетектеп, райондо өткөрүлгөн  “Мыкты усулчу - 2002” кароо-сынагында III орунду камсыз кылган. Оштогу мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунда “Сабактын фрагменти ” деген конкурста I орунду камсыз кылган.

Уюштургучтугу, демилгечилдиги жана башталган ишти аягына чыгаруу үчүн тынчыбаган аракетчилдиги менен педагогикалык жамаатта кадыр-баркка ээ болуп, 2007-жылы мектептин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымдыгына шайланган.  Өз адистигин мыкты билген жана натыйжалуу иштеген Курбанбекова Рахат билим берүү кызматкерлеринин укугун коргогон коомдук уюмдун ишин дагы уставдын талаптарына ылайык жүргүзүп келүүдө. Баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымдыгына шайлангандан баштап ишти туура пландаштырууга көңүл бурду. Кесиптик бирлик уюмундагы уюштуруу иштерин  түздөн-түз жетектеп, бул ишке тиешелүү ченемдик- укуктук документтерди үйрөнүп чыкты жана аны өз ишинде пайдаланууга терең маани берип келүүдө.

            Баштапкы уюмда мектеп жетекчилери жана айыл өкмөтү менен билим берүү кызматкерлеринин укуктук жана социалдык экономикалык шарттарын жакшыртуу боюнча үч тараптуу келишимдин негизинде  алгылыктуу иштерди алып барууда.  

Райондук социалдык өнөктөштөрдүн карооо-сынагында аталган мектептин директору   2014-жылы  «Жылдын мыкты социалдык өнөктөшү-мектеп жетекчилиги» номинациясы боюнча райондо II орунду камсыз кылып,  тиешелүү даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Бул ийгиликтин  жаралышында баштапкы уюмдун төрайымы катары  Курбанбекова Рахаттын дагы салымдуу үлүшү бар.

Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде өткөрүлгөн облустук  кароо-сынакта орунду ээлеп, II даражадагы диплом жана 6 000 сом акчалай сыйлык менен сыйданды.

 

Билим берүү  кызматкерлеринин

кесиптик бирлигинин  Баткен

райондук комитетинин  жетектөөчү адиси              

Б.Абдыразакова