Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Көк-Жаңгак шаарында уюштуруу пленуму өткөрүлдү

Жакында билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Көк-Жаңгак шаардык комитетинин кезексиз 1-Пленуму болуп өттү.

       Күн тартибинде уюштуруу маселеси каралды.

       Шааркомдун төрайымы болуп иштеген Юскаева Гульфия Махмудовна ден соолугуна байланыштуу ээлеген кызматынан бошотуп коюу арызы менен кайрылган.

       Пленумдун катышуучулары анын арызын канааттандырышып, төрайымдын кызматын аткарган жылдары жакшы иштегендигин, профсоюздук кыймылды өнүктүрүүгө татыктуу салым кошкондугун белгилешти.

       Обкомдун төрагасы К.Мурзакматов жана чыгып сүйлөгөндөр ага мындан аркы иштерине ийгилик, бекем ден соолук каалашты.

       Пленумдун катышуучулары шааркомдун төрайымдык кызматына Мирзахмедова Эльмира Сабиржановнаны бир добуштан шайлашты.

       Пленумдун ишине обкомдун төрагасы К.Мурзакматов, Сузак райкомунун төрагасы А.Исмаилов, Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Сейдахматова, обкомдун бөлүм башчысы А.Бегматовдор катышышты.

       К.Мурзакматов пленумда профсоюздардын учурдагы абалы, аткаруучу иштери, профсоюз мүчөлөрүн катарын өстүрүү, анын кадыр-баркын көтөрүү жана билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдөгү орчундуу маселелерге токтолду.

         Мирзахмедова Эльмира Сабиржановна 1966-жылы Көк-Жаңгак шаарында жумушчунун үй-бщлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Эмгек жолун №2 Макаренко атындагы орто мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган. Ушул эле шаардагы №4 орто мектепте директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары кызматын аркалаган.

       Ал эми 2013-2014-жылдары Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткарган. Бул кызматка шайланганга чейин бөлүмдүн башкы адиси болуп иштеген.

     «КРнын билим берүү отличниги», «Билим жана илим профсоюзунун отличниги» төш белгилери жана бир нече «Ардак Грамоталар» менен сыйланган. «Жылдын мыкты мугалими – 2007» кароо-сынагында 2-орунду жеңип алган.

      Yй-бүлөлүү, 2 уул, 2 кызды тарбиялап жатат.

 

А.Бегматов – Обкомдун уюштуруу                                                                  бөлүмүнүн башчысы.