Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик бирликтин мүчөлөрү Өзбекстан Республикасында

2023-жылдын 5-8-майында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитети тарабынан коңшу Өзбекстан Республикасынын Ташкент, Самарканд шаарларынын тарыхый жайларына экскурсия уюштурулду. Анда Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн аппаратынын кызматкерлеринен, райондогу мектеп директорлорунан турган делегация барып эс алып келишти. Эс алуунун жүрүшүндө кесиптик бирликтин мүчөлөрү Борбордук Азиядагы эң бийик мунара болуп эсептелген Ташкенттеги телемунарада, “Ашхабад” эс алуу паркында жана Самарканддын жүрөгү Регистан тарыхый-архитектуралык эс алуу жайларында болушту.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитети