Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик бирлик – биримдик менен ынтымактын өбөлгөсү

2023-жылдын 10-август күнү кесиптик бирликтин Ала-Бука райондук комитети “Кесиптик бирлик – биримдик менен ынтымактын өбөлгөсү” деген темада семинар өткөрдү. Семинарга 67 кесиптик бирлик лидери катышты. Алгач семинарды кесиптик бирликтин райкомунун төрагасы Дурусалиев Жакыпбай ачып, семинардын максаты социалдык өнөктөштөр менен иш алып баруу, мыйзамдуулукту сактоо, жайкы эс алууларды уюштуруу боюнча билдирүү жасады. Айрыкча быйылкы жайкы эс алуу жакшы уюшулган. 300гө жакын кесиптик бирлик мүчөлөрү эс алуу үйлөрүндө, санаторийлерде ден соолуктарын чыңдашты, Кыргызстандын кооз жерлеринде болушту, мугалимдердин балдары да Сары-Челек эс алуу борборунда толук акысыз эс алышты.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Баймуратов Атамырза Эргешович өз сөзүндө мыйзамдуулукту сактоо менен билим берүү сапатын көтөрүү, мугалимдердин укугу жана милдети жөнүндөгү маселеге токтолду. Жалпы аракет менен билим берүүнү жакшыртууга чакырды.

Кесиптик бирликтин мүчөлөрү Токтобаева Карима , Алчыматова Акылай өздөрүнүн иш тажрыйбасынан айтып жааматтык, үч тараптуу келишимдер алар үчүн да, өнөктөштөр үчүн да жемишин берерине жана мыйзамдуу жактары көп болоруна токтолушту. КР Эмгек кодексинин талаптарын сактоо зарылдыгын баса белгилешти.

Айры-Там гимназия мектебинин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Абдрахманова Бааркан билим берүү мыйзамын сактоо, ар бир мугалим өз милдетин талаптагыдай аткаруу, кесиптик бирлик ишин активдештирүү жөнүндө айтты.

Семинардын жүрүшүндө бир топ суроо-жооптор, сунуш-пикирлер айтылды. Кесиптик бирликтин райкомунун төрагасы Ж.Дурусалиев семинарды жыйынтыктап, анын катышуучуларына райкомдун ыразычылыгын билдирди.

 

Маалыматты даярдаган: семинардын катчысы А.Кылычбекова