Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кеңейтилген Президиумда – жыл жыйынтыгы

 

Баткен районундагы Бужун орто мектебинин жыйындар залында 2014-жылдын 26-февралында райондук комитеттин кеңейтилген Президиуму болуп өттү. Президиумга райондук комитеттин мүчөлөрү, кесиптик бирликтин облустук кеңешинин жана облустук комитеттин төрагалары, раймамадминистрациянын башчысы-акимдин орун басары, мектептердин жана балдар бакчаларынын директорлору, билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары катышышты.

     Райондук комитеттин Президиумунун күн тартибинде төмөнкүдөй маселелер каралды:

      1. Райондук комитеттин 2013-жылда аткарган иштери жана 2014-жылдагы милдеттери  жөнүндө.

     2. 2013-жылда өткөрүлгөн “Мыкты социалдык өнөктөштөр” жана “Мыкты  иштермандар” кароо-сынактарынын жыйынтыктары жөнүндө (алдыңкыларды сыйлоо).

     Президиумда жогоруда аталган маселелер боюнча баяндаманы  билим беруу кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин төрагасы Т.Жумаев жасады.

     Жарыш сөзгө чыккан жолдоштор аталган маселе боюнча өз ойлорун ортого салышып, райондук комитеттин 2013-жылда аткарган иштериндеги ийгиликтер жөнүндө айтышып, чечилбей жаткан көйгөйлөр жөнүндө өз сын-сунуштарын, каалоо-тилектерин билдиришти. Кесиптик бирликтин  облустук кеңешинин төрагасы А.Казаковдун, тармактык облустук комитеттин төрагасы З.Бөтөкөвдун, раймамадминистрациянын башчысы – акимдин орун басары К.Кыдырованын ж.б. чыгып сүйлөгөн кесиптик бирлик активисттеринин, директорлордун сөздөрүндө билим берүү кызматкерлеринин укугун коргоодо учурда республикада, облуста жана райондо аткарылып жаткан иштер, чечүүнү талап кылган көйгөйлөр жана алдыдагы милдеттер курч коюлду.

     Райондук комитеттин 2013-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп табылып, тиешелүү токтом кабыл алынды.

      Президиумдун экинчи бөлүгүндө алдыңкы кесиптик бирлик активистерине, мыкты социалдык өнөктөштөргө 2013-жылда кызматкерлердин социалдык-экономикалык, эмгектик жана укуктук кызыкчылыктарын коргоодо жетишкен ийгиликтери үчүн сыйлыктар тапшырылды.

 

Билим берүү  кызматкерлеринин

кесиптик бирлигинин  Баткен

райондук комитетинин  жетектөөчү адиси                                 Б.Абдыразакова                                          

 

 

 

 

 

Мыкты социалдык өнөктөштөр сыйланды

Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2012-жылдын 22-мартындагы токтому менен жарыяланган “2013-жылдын мыкты социалдык өнөктөшү – айыл өкмөтү», райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук кесиптик бирлик комитетинин биргелешкен токтому менен жайылтылган «2013-жылдын мыкты социалдык өнөктөшү-мектеп жетекчилиги» жана «2013-жылдын мыкты социалдык өнөктөшү-баштапкы кесиптик бирлик уюму» кароо-сынактарын жыйынтыктаган райондук комиссиянын сунушун карап чыгып жана талкуулап, райондук билим берщщ бөлүмүнүн коллегиясы жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин Президиуму биргелешкен чечим кабыл алды. Раймамадминистрациянын токтому менен «2013-жылдын мыкты социалдык өнөктөшү – айыл өкмөтү» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү да аныкталды.

         Социалдык өнөктөштөрдүн 2012-2014-жылдардагы райондук кароо-сынагынын 2013-жылдагы жыйынтыгына ылайык төмөнкү айыл өкмөттөрү, мектептердин жетекчиликтери жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдары жеӊүүчү деп табылып, төмөнкүдөй сыйлыктар менен сыйланды

 

а) айыл өкмөттөрү боюнча

                1. Самаркандек айыл аймагы                         - I орун                   -  I даражадагы диплом жана 4000 сом

                2. Кара-Булак айыл аймагы                            - II орун                  - II даражадагы диплом жана 3000 сом

                3. Кара-Бак айыл аймагы                                - III орун                - III даражадагы диплом жана 2000 сом

 

б) мектеп жетекчилиги боюнча:

 

            1. Самаркандек гимназия-жатак-мектеби    - I орун                  - I даражадагы диплом жана 2000 сом  

                2. Б.Нарматов  а.о.м.                                           - II орун                - II даражадагы диплом жана 1500 сом

                3.Кара-Токой гимназия мектеби                       - III орун             - III даражадагы диплом жана 1000 сом

 

в) баштапкы кесиптик бирлик уюмдары боюнча:

               1. Бужун о.м.                                                          - I орун                   - I даражадагы диплом жана 1500 сом

                2. С.Момунов а.о.м.                                               - II орун               - II даражадагы диплом жана 1000 сом

                3. М.Салихов а.о.м.                                               - III орун              - III даражадагы диплом жана 500 сом

 

            Мыкты социалдык өнөктөштөр үчүн 2014-жылдын жайкы дем алуу мезгилинде Ысык-Көлдүн жээгинде жана республиканын табияты кооз жерлеринде дем алуу экскурсиясы уюштурулмакчы. Бул үчүн кесиптик бирликтин райондук комиеттин бюджетинен атайын каражат бөлүндү.

            Мыкты социалдык өнөктөштөрдүн кароо-сынагы 2014-жылы да улантылмакчы.

 

 

 

 

 

 

Билим берүү  кызматкерлеринин

кесиптик бирлигинин  Баткен

райондук комитетинин  жетектөөчү адиси                                 Б.Абдыразакова