Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Каракол шаарында социалдык өнөктөшөр кубандырат

 

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Каракол шаардык профсоюз комитетинин ТӨРАЙЫМЫ Касмалиева Жыпар Усеновна шаардык мэриянын жыйындар залында шаардык депутаттар корпусуна, мэрге кайрылуу  менен чыгып сөз сүйлөдү. Ал өз  сөзүндө  үстүбүздөгү  жылдын август айында Каракол шаарынын билим  берүү  кызматкерлеринин  жайкы  эс алуусуна 100 (жүз) миң  сом бөлүнүп, 3 күндүк эс алуу  уюштуруп  бергендиктерине  чоң  ыраазычылык билдируу менен мындай жакшы саамалыктар мындан ары да салтка айланып калаарына чон ишеним артаарын билдирди. Ошону менен бирге эле 3 тараптуу макулдашуунун 3.3 пунктунда көрсөтүлгөндөй  Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин «Мугалимдер статусу» законунун 8-беренесине ылайык  «Билим берүү кызматкерлерине коммуналдык кызматтар үчүн кошумча төлөмдөрдү төлөп берүү» маселесин ишке ашыруу  боюнча шаардык профсоюз комитетинин мурдагы төрайымы Апышева Вера Султановна бир нече жолу кат жолдогонун эскертип, бул маселенин жыл аягына чейин ишке ашырып берүүлөрүн өтүндү. Маселе оң  жагына чечилди 

   Каракол шаардык кеңеши менен шаардын мэриясы  3 тараптуу келишимдин 3- пунктунда көрсөтүлгөн «Билим берүү кызматкерлерине коммуналдык кызматтар үчүн кошумча төлөмдөрү» жергиликтүү  бюджеттен 1млн.29 мин сом акча каражатын бөлүп берди.Бир нече жылдан бери чечилбей келе жаткан бул маселенин оң жагына чечилиши шаардык билим берүү  мекемелеринин кызматкерлерин кубандырды.

 

Каракол шаардык профсоюз комитети                     Касмалиева Ж.У