Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Суу районунда отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү

Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин XIX отчеттук кайра-шайлоо конференциясы 2014-жылдын 19-ноябрь күнү болуп өттү. Конференцияга 171 баштапкы профсоюз уюмдарынан 196 делегат шайланып, алардын ичинен 188 делегат катышты.

    Билим берүү кызматкерлеринин райондук  профсоюз комитетинин   төрагалыгына башка альтернатив  болбогондугуна байланыштуу жалгыз  Жакыпов Памирбектин талапкерлиги коюлуп, делегаттардын сунушу менен төраганы шайлоо ачык добуш менен өткөрүлдү. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча 188 делегат добуш берип анын ичинен 188 добушка   Жакыпов Памирбек  ээ болуп  кайрадан  Билим берүү кызматкерлеринин райондук  профсоюз комитетинин   төрагасы болуп шайланды.