Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Көл шаарында «Жыл мугалими-2015»

Жалал - Абад областына караштуу Кара-Көл шаарында жыл сайын өткөрүлүүчү, адатка айланган бул сынак курч мүнөздө өттү.

    Сынактын 1-күнүндө мугалимдер коюлган талапка ылайык жаӊы технологиялык усулдарды колдонууда интерактивдуу досканы пайдалануу менен өткөн мастер-классты 25 минуталык фрагмент көргөзүштү.

   2-күнкү шоу-программасы «Энергетик» маданият үйүндө өтүп, «Педагогиканы, психологияны, интернетти барактап» деген темада риторикалык чеберчилигин көрсөтүү, окутуунун жаӊы усулун презентациялоо, сынакка катышуучунун жеке хоббиси жана ал мугалим жөнүндө жамаатынын буклет-көргөзмөсү бааланды.

   Жыйынтыгында ар бир катышуучу мугалим өзгөчө чыгармачылык, изденүүчүлүк, жаӊычылдык аракеттер менен даярданып келишкендиги белгилүү болду.  Ошентип, педагогикалык ар тараптуу чебердиктери менен №1 орто мектептин биология мугалими Субаналиева Гулшан, №3 орто мектебинин мугалим Топоева Гулнур 1-орунга, №5 орто мектептин орус тили жана адабияты мугалими Койчубекова Назира менен №2 орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Карагулова Бегимбу 2-орунга, ал эми №4 орто мектептин тарых  мугалими Мадышова Миргул, №6 орто мектептин  математика мугалими  3-орунга татыктуу болушту. Сынактын катышуучуларын шаардын вице-мэри Сатарова Г.О, ШБББнүн башчысы Кожошова Д.М, профсоюздун шаардык комитетинин төрайымы Каракозуева А.К грамота, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйлашты.