Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

КАРА- КӨЛ ШААРДЫК КОМИТЕТИНИН ОТЧЕТТУК-КАЙРА ШАЙЛОО КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

Кара-Көлдө 2014-жылдын 7-октябрында билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кара-Көл шаардык комитетинин отчеттук-кайра шайлоо конференциясы болду. Конференцияга 31делегат чакырылып, анын ичинен  29 делегат,  Жалал- Абад облустук комитетинин төрагасы К.С. Мурзакматов, А.Т.Бегматов, З.Сулайманов   жана социалдык өнөктөштөр шаардын вице--мэри Г.О. Сатарова катышты. Катышкандар  отчеттук мезгилдеги шаардык комитеттин жана шаардык комитеттин төрайымынын ишиндеги бир катар жетишкендиктерин белгилеп, «канааттандырарлык» деп баалашып, бир добуштан А.К.Каракозуеваны кайрадан шайлашты.