Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгекти коргоо көӊүл борборунда болот

Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча билим берүү мекемелериндеги иштердин жүрүшү менен таанышуу жана жакындан жардам көрсөтүү максатында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Борбордук Комитетинин бөлүм башчысы Кубат Ниязбеков Каракол шаарынын жана Тоӊ, районунун мектептеринде, бала бакчаларында болуп иштин жүрүшү менен таанышты. Билим кызматкерлеринин Каракол шаардык жана Тоӊ райондук профсоюз комитеттери коопсуздук иштеринин жүрүшүн мектеп администрациялары менен биргеликте алып барып жатышкандыктан улам, барган билим мекемелеринде мугзлимдерге,  тарбиячыларга жана окуучулар менен тарбиялануучуларга тиешелүү шарттар түзүлүп жаткандыгына күбө болушту. Өзгөчө Каракол шаардык мэриясы керектүү акча каражатын бөлүп берүү менен тиешелүү коопсуздук эрежелеринин сакталышына дайыма колдоо көрсөтүп келе жатат. Шаардык билим берүү бөлүмү менен профсоюздун шаардык комитети (Ж.Касымалиева) биргеликте иш жүргүзүшкөндүгүнүн натыйжасында талап кылынган шарттарга ылайык аракеттер көрүлүп жаткандыгы белгилүү болду.

Тоӊ районунун мектептеринде да коопсуздук эрежелеринин сакталышына мектеп администрациясы даярдыктарды көрүшкөн. Өрткө каршы каражаттар сатылып алынып, физика, химия, информатика кабинеттеринде бардык иштөө эрежелери илинген. Мектеп жетекчилиги менен профсоюздук уюмдар эмгекти коргоо маселелери боюнча атайын иш чараларды кабыл алышып, аларды аткаруунун үстүндө аракеттерди көрүп жатышат.

Эки күндүк иштин жүрүшү менен таанышуудан кийин БК бөлүм башчысы К.Ниязбеков жана билим профсоюзунук Ысык-Көл областы боюнча координатору Ө.Молдакматов Каракол шаарынын жана Тоӊ районунун билим берүү мекемелеринин жетекчилери, профкомдору жана бухгалтерлери үчүн кызыктуу семинарларды өткөрүштү. Катышуучулар бир катар суроолорду беришип ынанымдуу жоопторду алышты. Семинардын катышуучулары билим тармагынын профсоюзу жүргүзүп жаткан иштерге канааттангандыктарын билдирүү менен мындай  эки тараптуу байланыштарды такай өткөрүп туруу иштин алга жылышына өбөлгө болоорун баса белгилешти.

 

                                                 Э. Садабаев,

Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин төрагасы.