Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Дене тарбия мугалимдерине урмат жана даӊк!

2014-жылдын  22-февралында Кочкор-Ата шаарындагы  «Нефтчи»  спорттук   сарайында  Ноокен  районунун  билим  берүү кызматкерлеринин  кышкы спартакиадасы  «2014-жыл- Жаштардын  жана профсоюздук ишмердүүлүктү жаӊы инновациялардын  жылына» карата, райондун  ардагер  дене-тарбия   мугалимдеринин урматына жана 23 -февраль Ата Мекендин коргоочулардын майрамына карата өткөрүлдү.Спартакиадага  9 айылдын, шаардык  курама командалардын,  райондук  мамлекеттик  администрациясынын башчысынын  орун  басары  Н. А. Бекжитова, райБББнун башчысы  Б.С.Козуев, Кочкор-Ата шаардык  Кеӊешинин  төрагасынын орун  басары  А. Нусупбеков,  чакырылган  коноктордун  катышуусу менен ачылды.Спартакиадага  ардагер  дене тарбия  мугалидери  чакырылып, спартакиаданын  ачылышында аларга  «Билим берүүнүн  ардагери»  төш  белгилери  тапшырылды.

 

Спартакиаданын  жыйынтыгында  командалар  төмөнкүдөй  орундарга  ээ  болушту:

Волейбол боюнча:

Эркектер командасынан  1-орун Кочкор-Ата  шаары, 2-орун Сакалда айылдык аймагы, 3-орун Масы айылдык  аймагы,

 Аялдардын командасынын 1-орун Шайдан айылдык  аймагы, 2-орун Ноокен айылдык  аймагы, 3-орун Арал айылдык  аймагы жеӊүүчүлөр болушту.

 

Шахмат боюнча:

1-орун Кочкор-Ата, 2-орун Момбеков,3-орун Шайдан айыл аймактык курама  командалары

 

Стол тенниси боюнча:

1-орун Масы, 2-орун Сакалды,3-орун Ноокен айыл аймактык командалары

 

Тогуз коргоол боюнча:

1-орун Шайдан,  2-орун Момбеков, 3-орун Кочкор-Ата командалары жеӊүүчүлөрү болушуп, райондук  администрациясынын 10 миӊ сомдук, райондук  комитеттин 20 миӊ сомдук  сыйлыктары  менен  сыйланышты.

 

             Ардагер  дене  тарбия  мугалимдерине майрамдык  сый  тамак  уюштурулду. Ардагер дене  тарбиия  мугалимдери райондук билим  берүү  бөлүмүнө  жана  райондук  комитетке  ыраазычылыктарын  билдиришип,  «Билим  берүүнүн  ардагери»  төш  белгисинин  уюштурулушу жана  ардагерлерге  көрсөтүлүп  жаткан  камкордуктарга  жооп  катарында спорттун өнүгүүсүнө чоӊ салымдарын кошууларын билдиришти.

 

 

 

 

Спортун  чебери, райондук  комитеттин  президиумунун  мүчөсү, Кочкор-Ата  шаардык  спорт  мектебинин  директору А. Усманов.