Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Ден соолук» спорттук спартакиадасы

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 3-майындагы №2192/1 «Кыргыз Республикасынын Билим берүү системасынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын, жалпы билим берүү, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү уюмдарынын арасында 2023-жылы «Ден соолук» спорттук спартакиадасынын ѳткѳрүү жѳнүндѳ» буйругун ишке ашыруу максатында «Ден соолук» спорттук спартакиадасынын Ысык-Көл областтык этабы Каракол шаарында 29-31-май күндөрү өткөрүлдү.

«Ден соолук» спартакиадасынын областтык этабында спорттун 9 түрү боюнча Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң, Түп, Ысык-Көл райондорунан, Балыкчы, Каракол шаарларынан жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинен жалпы 900дөн ашуун билим берүү кызматкерлери катышышты.

«Ден соолук» спартакиадасынын жобосунун негизинде  22 жаштан 45 жашка чейинки жана 45 жаштан жогору курактагы аялдар жана эркектер командалары түзүлүп, ар бир район, шаардын 2ден командаларынын арасында ѳткѳрүлдү.

Жалпы команадалык эсептин жыйынтыгы боюнча Түп районунун билим берүү кызматкерлери 1-орунга, Ак-Суу району 2-орунга, Жети-Өгүз району 3-орунга ээ болушту.

Спартакиаданын жеңүүчүлѳрүнө жана мыкты оюн кѳрсѳткѳн кызматкерлерге Ысык-Көл областтык спорт жана жаштар саясаты башкармалыгынын дипломдору ыйгарылды.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ысык-Көл райондук, шаардык комитеттери тарабынан «Ден соолук» спорттук  спартакиадасынын өткөрүлүшүнө финансылык жардам көрсөтүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Жети-Өгүз райондук комитети