Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Ден соолук-2023” спартакиадасы

Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунда Билим берүү кызматкерлеринин райондук спартакиадасы өткөрүлдү. Спартакиаданын ачылышына райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Сариев, Сузак райондук Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  төрагасы А.Орозалиев, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Г.Камбарова, Жалал-Абад областтык кесиптик бирлигинин төрагасы А.Исмаилов, райондук спорт комитетинин төрагасы К.Маматалиев катышып, аларга ийгиликтер каалашты.

Райондук спартакиада 5 спорттун түрү боюнча өткөрүлүп, 1-2-3-орундарды ээлеген командаларга райондук билим берүү бөлүмүнүн, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитети тарабынан дипломдор, медалдар жана баалуу белектер тапшырылды.

Биилм жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык төрагасы А.Исмаилов 50 000 сом сыйлык ыйгарды.

Байгелүү орундарды ээлешкен командалар:

Волейбол (эркектер) 40 жашка чейин:    

1-орун Кара-Дарыя а/ө

2-орун С.Атабеков а/ө

3-орун Багыш а/ө

Волейбол (эркектер) 40 жаштан жогору:

1-орун Кызыл-Туу а/ө

2-орун Көк-Арт а/ө

3-орун Сузак а/ө

Волейбол (аялдар):                                  

1-орун Сузак а/ө

2-орун Кара-Дарыя а/ө

3-орун Кызыл-Туу а/ө

Тогуз коргоол (эркектер):     

1-орун Мичурин о.м. Б.Ташымбетов 

2-орун Ж.Узаков о.м.

3-орун О.Муратов о.м.

Тогуз коргоол (аялдар):       

1-орун Ж.Узаков о.м. Д.Исраилова 

2-орун Көк-Арт м.г. Г.Маткеримова 

3-орун Ысмайыл о.м.

Шахмат (эркектер):            

1-орун Абдраманов о.м. Т.Исмаилов 

2- орун райБББ Т.Орозалиев 

3-орун Комсомол о.м. Азимбаев

Шахмат (аялдар):                 

1-орун З.Жамашев о.м. А.Толтоева

2-орун Көк-Арт м.г. Ж.Кыдырбекова

3-орун Кенжаев о.м. Р.Ромашева 

Стол тенниси (эркектер):  

1-орун Мичурин о.м. Т.Мамазакиров 

2-орун Кубатбеков о.м.

3-орун Ырыс о.м.

Стол тенниси (аялдар):  

1-орун М.Камбаров о.м. А.Жээнбекова 

2-орун С.Акбаров о.м.

3-орун Т.Арзыкулова о.м.

Ордо:         

1-орун Кара-Дарыя а/ө

2-орун Кызыл-Туу а/ө

3-орун Кыз-Көл а/ө

 

Маалыматты даярдаган: Сузак райондук кесиптик бирлик комитети