Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ДАНИЯЛЫКТАРДЫН БЕЛЕГИ

                  2015-жылы  19-март күнү  Ноокен  районуна  караштуу  Ж.Ниязов атындагы   көмөкчү  жатак мектебинде социалдык коргоого муктаж  балдардын жана алардын үй-бүлөөлөрүнүн турмуш  абалын жакшыртуу  жөнүндө  конференция   болуп  өттү. Анда  Ноокен  райондук  мамлекеттик  администрациясынын  башчысы  -аким  А.К.Осмонов , Ноокен  райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн   башчысы  Б.С.Козуев , Билим, илим  профсоюздук комитеттин  төрагасы  А.Ч.Айдаров , Даниялык «Европейский Дом» Эл аралык  Уюмдун Вице президенти Хенрик Хаубро , Кыргыз Республикасынын социалдык кызматкерлеринин ассоциациясынын Президенти – Вера Усеновна жана Ноокен райондук социалдык коргоо башкармармалыгынын, Шайдан айылдык округунун, коомдук уюмдардын, ата-энелер комитетинин, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун, мектептердеги соц педагог адистеринин, ИДНдин жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү  катышышты.


               Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким А. К. Осмонов «Социалдык биримдикти өнүктүрүүдө мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу» деген темада сөз сүйлөп ал өз сөзүндө мектеп директорунун оюн кубаттап мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана алардын үй-бүлөөлөрүнө коомчулук тарабынан сөзсүз түрдө көмөк көрсөтүү зарылдыгы учурдун маселеси экендигин баса белгилеп өттү.

         Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы – Б. С. Козуев «Билим берүүдө социалдык биримдикке жетишүү» деген темада сөз сүйлөп, ал өз сөзүндө Жумабек Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебиндеги тарбиялануучулар үчүн материалдык базаны жакшыртуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге жана ошондой эле коомчулук тарабынан көрсөтүлүп келе жаткан материалдык жардамдардын натыйжасы жөнүндө токтолду. Мамлекеттик эмес Эл   аралык уюмдун өкүлү Генрих Хабро Петерсон өз сөзүн тастыктоо үчүн конференциянын катышуучуларына Эл аралык денгээлде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн көмөк көрсөтүүнүн уюштурулушу, коомчулук арасында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын маанилүүлүгү, алар да толук кандуу инсан катары калыптанып кайра коомчулукка келтирип жаткан пайдалары  тууралуу видео роликтердин жардамында презентацияларды жасап өттү. Мүмкүнчүлүгү  чектелген  балдарды  турмушка  даярдоо  үчүн жатак мектепке  окуучулардын устаканасын куруу  жана  жабдуу  үчүн  долбоордун ишке киришин билдирди.

                  

 Конференцияда  окуучулар  өз  ырлары  жана  бийлерин  Даниядан   келген  мейдардарга   тартуулашты. Даниялык  меймандар  окуучуларга   120 000  сомдук  белектерин   конференциянын  катышуучулары  менен  бирге  тапшырышты. Окуучулардын  кубанычы  чексиз  болуп  окуучулар жана мектептин  жамааты   ыразычылыктарын  билдирип  ырахматтарын  айтышты. 

 

Ноокен  райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  пресс-катчысы :  Барно  Абдурахманова