Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Данияга саякат

                   Ноокен районунун билим берүү тармагы Даниянын “Европейский Дом” Эл аралык коомдук  уюму менен 2013-жылдан тыгыз байланышта иштеп, социалдык  колдоого  муктаж  болгон  балдардын проблемаларын биргелешип  чечүүдо ийгиликке жетишүүдө. Эл аралык уюмдун  чакыруусу  боюнча Ноокен  районунун  делегациясы райондук  мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким  А.К. Осмонов, райондук  билим берүү бөлүмүнүн  башчысы Б.С. Козуев, Шайдан  айыл өкмөтүнүн  башчысы А. Ирисалиев, Бүргондү айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Маматаев, Ж.Ниязов атындагы көмөкчу жатак  мектебинин директору Э.Абдурахманов, мектептин психологу Н.Каримкуловтор 2015-жылдын 31-августунан 6-сентябрына  чейин Данияда болуп  келишти.

      Делегацияны Даниянын “Европейский Дом” Эл аралык коомдук  уюмунун Президенти айым Лиза Фром башчы болгон жооптуу  адамдар  күтүп  алып, социалдык колдоого муктаж болгон балдардын  билим берүү уюмдары, мектепке  чейинки мекемелери, Копенгагендин тарыхый –маданий жайлары менен тааныштырды. Социалдык колдоого муктаж балдарды турмушка даярдоо боюнча мамлекеттин жургузуп жаткан  иштери  жана  түзүлгөн ишканаларды барып көрүштү. Иш сапарынын жыйынтыгында Ж.Ниязов  атындагы көмөкчү  жатак  мектебине теплица  чарбасын  уюштуруу  үчүн толук  жабдуулар  менен  камсыздоо жана  көмөк көрсөтүү чечилди.

        Райондун делегациясы Даниялык досторго белектерин  тапшырышып, ыраазычылыктарын билдиришти. Делегациянын барып  келүү  чыгымдарын  Даниянын “Европейский Дом” Эл аралык коомдук  уюму  тарабынын  каржыланды.

         2015-жылдын 11-сентябрь күнү Ж.Ниязов  атындагы көмөкчү  жатак  мектебинде райадминистрациянын башчысынын орун басары Н.А.Бекжигитова, райондогу мектептердин, бакчалардын, мекемелердин директорлору, райБББнүн кызматкерлерин катышуусу менен семинар кенешме өткөрүлүп, Данияга  барган делегация видио баяндама  менен  маалымат беришти. Маалыматтарга негиз милдеттер белгиленди.

 

Даярдагандар: Профсоюздун укук жана эмгекти коргоо боюнча  тескөөчүсү  А.Айдаров,

Ноокен  райондук билим берүү бөлүмүнүн пресс-катчысы

Барно Абдурахманова