Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Чүй райондук спорттук оюндар-2015

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу 2015-жылды «Сергек жашоо мүнөзү» менен баштоого багыт алды. Кышкы каникулда –волейбол, стол тенниси, жазгы каникулда- баскетбол, тогуз коргоол, күзгү каникулда-Кышкы каникул күндөрүндө билим берүү кызматкерлеринин арасында волейбол, стол тенниси боюнча спорттук оюндар уюштурулду. Жобого ылайык 33 башталгыч уюмдардын ичинде, айыл өкмөтүнө караштуу билим берүү мекемелеринин ичинде, айыл өкмөтүнүн ичиндеги билим берүү уюмдарынын арасынан 1 команда топтоо менен райондук деӊгээлге чыгаруу иштери жүргүзүлдү.  

Волейбол боюнча 7 команда, теннис боюнча 14 эркек, 7 аял адам оюнга катышышты. Оюн  олимпиадалык тартипте өткөрүлүп калыстар  тарабынан туура жыйынтыктар чыгарылды.

Жыйынтыгында: Волейбол боюнча 1-орунга Кегети айыл өкмөтүнө караштуу билим берүү мекемелеринен түзүлгөн команда, 2-орунга  Онбиржылга айыл өкмөтүнө караштуу билим берүү мекемелеринен түзүлгөн команда, 3-орунга  Чүй мектеп интернаты жетишишти.

Теннис боюнча: эркектер арасында: Кошой айылындагы орто мектеби 1-орун, Чүй мектеп интернаты  2-орун, Чүй айылындагы №1 мектеби 3-орун, аялдар арасында: 1-орун Кошой айылындагы мектеби, 2-орун Кошкоргон айылындагы Т.Каракеев атындагы мектеби, Кегети айылындагы Ө.Исаев атындагы мектеби-3-орунга ээ болушту.

Жеӊүүчүлөр ардак грамоталар менен жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

 

 

 

 

 

 

 Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин

              профсоюзунун төрагасы                                       С.Наматов