Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Чаткалда жаӊы төрага шайланды

Жакында облустун эӊ алыскы райондорунун бири болгон Чаткалда билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райкомунун кезектеги пленуму болуп өттү.

    Пленумдун катышуучулары райкомдун өткөн жылдын октябрь айынан ушул күнгө чейинки жүргүзгөн иштери боюнча анын төрагасы А.Батырбековдун баяндамасын угушту.

    Баяндама боюнча пленум мүчөлөрү Д.Калмырзаев, Р.Саманалиева, А.Сулаймановдор сөзгө чыгышып, райкомдун ишине оӊ баа беришти.

    Райкомдун төрагасы А.Батырбеков  өзүнүн ден соолугуна байланыштуу бул кызматтан бошотуп коюу арызы менен кайрылды.

   Талкуулоолордон кийин пленум анын арызын канааттандырып, төрагалык кызматынан бошотуп коюу чечимине келишти.

    Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Чаткал райкомунун төрагалык кызмат ордуна пленумдун мүчөлөрү ачык добуш менен Кудайбердиев Ызан Кожоновичти шайлашты.

    Жаӊы төрага жогорку билимдүү мугалим, жетекчиликтин бардык баскычтарынан өткөн.

     Пленумдун ишине билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун төрагасы К.Мурзакматов, обкомдун бөлүм башчысы А.Бегматовдор катышышты.

     К.Мурзакматов пленумда кеӊири сөз сүйлөп, профсоюз уюмдарынын алдында турган орчундуу маселелерге токтолду.

Жалал - Абад обкомунун уюштуруу бөлүмү.