Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Чаткалда кесиптик бирлик уюмунун майрамы белгиленди

2023-жылдын 19-20-октябрь күндөрү М.Исмаилов жана Б.Камчыбеков атындагы орто мектептеринде “Социалдык коргоо жана кесиптик бирлик кызматкерлеринин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленди.

Майрамдык иш-чараларга Чаткал райБББнын башчысы Эмилбек уулу Талантбек, кесиптик бирликтин Чаткал райондук комитетинин төрагасы Ы.К.Кудайбердиев, райондук методкабинеттин кызматкерлери, 31 баштапкы  кесипттик бирлик уюмдарынын төрагалары, мектеп, бала бакчалардын жетекчилери катышышты.

Иш-чарада алдынкы кесиптик бирликтин активисттери Борбордук комитеттин жана Жалал-Абад областтык комитетинин “Кесиптик бирликтин мыктысы” төш белгиси, Ардак грамоталары менен сыйланышты. Майрамдык аземгге райондук комитет тарабынан 30 миң сом каражат жумшалды.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Чаткал райондук комитети