Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Чаткал районунда август кеңешмеси өттү

Чаткал райондук билим берүү бөлүму жана кесиптик бирликтин Чаткал райондук комитети 2023-жылдын 21-22-август күндөрү  билим берүү кызматкерлеринин август кенешмесин өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө район ичиндеги билим берүү тармагынын көйгөйлөрү талкууланып, алдыдагы окуу жылынын пландары жана максаттары белгиленди. Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы, аким А.Ж.Сенирбаев билим берүү кызматкерлерин куттуктап, мыктыларын "Ардак Грамота" менен сыйлады. Өткөн окуу жылынын жыйынтыгы менен өзгөчөлөнгөн билим берүү мекемелери жана кызматкерлери да айыл өкмөттөр, билим берүү бөлүмү жана кесиптик бирлик комитети тарабынан сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Чаткал райондук комитети