Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Биргелешкен жыйын өттү.

Жакында Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик уюмунун Ак-Талаа райондук комитети менен райондук билим берүү бөлүмүнүн биргелешкен кошмо жыйынын өткөрүлүп анда райондогу Шүкүрбек Бейшеналиев жана Эсенгул Карасартов атындагы орто мектептеринде баштапкы профсоюз уюму менен мектеп жетекчилигинин Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү», «Мугалимдердин статусу» жөнүндөгү мыйзамдарынын аткарылышы» Кыргыз Республикасынын θкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы №270 токтому менен орнотулган дем берүүчү фонддун деңгээлиндеги төлөөлөрдө белгиленген тартипке жетишүүдө жүргүзүп жаткан иштери боюнч маселе талкууланды.

Мектептерде мугалимдердин социалдык, экономикалык жана укуктук кызыкчылыктарын коргоодо бир катар аракеттер көрүлүп жатканы менен орчундуу кемчиликтерге жол берилип жаткандыгы көрсөтүлдү. Ар бир жумушчу орундарында эмгектин ден-соолукка жагымдуу жана коопсуз шарттарын түзүүгө багытталган чараларды аткарууну талап кылды.

Эмгек акыларына кошумча төлөөлөрдү жана кесиптик чеберчиликтерин жогорулатуу курстарына барып келүүдө иш сапарларына төлөнүүчү каражаттарды өз убагында төлөөлөргө көңүл буруу, баштапкы профсоюз уюмдары өзүнүн көзөмөлүнө алуу жагы милдеттендирилди. Жаш адистердин турак жай куруу үчүн жер тилкелерин алууга көмөктөшүү зарылдыгы белгиленди. Жамааттык келишимдерди жана макулдашууларды жүзөгө ашырууда кемчиликтер кетирилип жаткандыгы белгиленди.

Педагогдордун эмгек акыларынын деңгээли инфляцияга, базистик окуу планы боюнча педагогикалык жүктөмдүн кыскарышына, түзүмдөрдүн жана программалардын оптималдашканына байланыштуу 2012-2013-окуу жылында кыйла кыскарды, азыркы учурда алардын орточо айлык эмгек акылары республиканын орточо эмгек акы деңгээлинин 73,2 пайызына гана барабар. Мындай шарттарда педагогдордун иштөө шарттарын жергиликтүү шарттарга ылайык мүмкүнчүлүгүнө жараша колдоо көрсөтүү зарылдыгы белгиленди.

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик уюмунун Ак-Талаа райондук комитети менен райондук билим берүү бөлүмүнүн кошумча жыйыны Ш.Бейшеналиев, Э Карасартов атындагы орто мектептеринин жетекчилиги      жогорудагы иштерде орчундуу кемчиликтерди кетиргендиктери үчүн Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин директору Рыспаев Чолпонго «сөгүш», Э.Карасартов атындагы орто мектебинин директору Бектемишова Гулмирага «сөгүш», жана окуу бөлүмүнүн башчылары, тарбия иштери боюнча орун басарларына тийиштүү административдик жазалар берилип, 2014-жылдын февраль айында кемчиликтердин аткарылышы  боюнча кайра карап чыгуу боюнча тапшырмалар берилди.

Жыйындын аягында педагогикалык жана техникалык кызматкерлердин ой пикирлери, суроо-талаптарына райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан уулу Рахат, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик уюмунун Ак-Талаа райондук комитетинин төрагасы Аскаров Марсбектер жооп кайтарышты.

Райондук билим берүү

бөлүмүнүн инспектору

жана баштапкы профсоюз

уюмунун мүчөсү:                                           Чиркеев Б.