Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Биргелешип иштөө - ийгиликке жол

2015-жылдын 12-майында Жалал-Абад облустук билим берүүнүн усулдук борборунун жыйындар залында билим берүү кызматкерлеринин, профсоюздук уюмдардын, Кыргыз Республикасынын облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, облустук ички иштер башкармасынын коомдук коопсуздукту камсыз кылуу бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин катышуусунда кеӊешме өткөрүлдү. Кеӊешмеге райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, облустагы жаӊы типтеги (гимназия, лицей) мектептердин директорлору, алдыӊкы мугалимдер чакырылды. Жыйындын күн тартибине облустагы окуу-тарбия иштеринин абалы, билим сапатын жогорулатуунун жолдору, мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын жыйынтыктары, облустун аймагында мектеп жашындагы окуучулардын укук бузуулары, алардын арасында кылмыштардын алдын алуу жана санын кыскартуу боюнча чаралар, жогорудагы иштерди жүзөгө ашырууда коомчулук, ата-эне, өнөктөштөр, профсоюз уюмдарынын ортосундагы биргелешкен аракеттер жөнүндөгү маселе коюлду.

        

Биринчи маселе боюнча билим берүүнүн усулдук борборунун директору А.Токтосунов, облустун аймагында мектеп жашындагы окуучулар арасында кылмыштардын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар жөнүндө коомдук коопсуздук бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөрү менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Б.Мырзаева, профсоюздар менен өнөктөштөр ортосундагы аткарылып жаткан иштер жөнүндө обкомдун төрагасы К.Мурзакматовтор билдирүүлөрдү жасашты.

        

Талкууланып жаткан маселелер боюнча Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Шырдаков, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Усенов, Таш-Көмүр  шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы  Т.Шабданов, Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Б.Акпаралиев, Көк-Жаӊгак шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Сейдахматова өз ойлорун ортого салышты.

         

Кыргыз Республикасынын облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Анаркулов Бакыт Кочкорович күн тартибиндеги маселелер боюнча жыйынтыктоо сөзүн сүйлөдү. Ал өз сөзүндө аткарылып жаткан иштер менен каралып жаткан маселелер боюнча олуттуу кемчиликтердин бар экендигине токтолуп, тиешелүү милдеттерди белгиледи.

         

Талкууланган маселелер боюнча тараптарды милдеттендирген иш-чара кабыл алынды.

         Жыйындын соӊунда алдыӊкы мугалимдерге өкүлчүлүктүн, усулдук борбордун ыраазычылык каттары, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун облустук комитетинин «Ардак грамоталарын» акчалай сыйлыгы менен К.Мурзакматов тапшырды.

Обкомдун уюштуруу бөлүмү.