Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Билим берүүнүн санарип платформасы жана жашыл көндүмдөр”

2023-жыл 23-август күнү Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан “Билим берүүнүн санарип платформасы жана жашыл көндүмдөр” темасында мугалимдердин Август конференциясы болуп өттү.

Иш-чаранын алкагында мектеп жана бала бакчалар тарабынан балдардын кол өнөрчүлүгү жана мугалимдердин көргөзмө куралдарынын жарманкеси уюштурулду. №9 “Байчечекей”, №10 “Чынар”, №11 “Ай нуру”, №38 “Бүчүр” балдар бакчаларынын тарбиялануучуларынын жана мектеп, мектептен тышкаркы мекемелердин окуучуларынын чакан концерттик номерлери тартууланды.

Иш-чарага Ноокен райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Т.Ишенбеков, социалдык маселелер боюнча орун басары З.Юлдашева, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К.Нышанов, ошондой эле айыл өкмөт башчылары, ардагер жана жаш мугалимдер катышты.

Ноокен районунун акими Т.Ишенбеков мугалимдерди куттуктап, түзүлүп жаткан шарттар жана алдыдагы иштерге токтолду. Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев Ноокен районунун билим берүү тармагында 2022-2023-окуу жылында аткарылган иштер жана милдеттер жөнүндө доклад жасады. Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К.Нышанов өткөн окуу жылындагы аткарылган иштер, жетишкен ийгиликтер, балдардын жана мугалимдердин жайкы эс алуусунун уюштурулушу жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле өз сөзүндө 2022-2023-окуу жылында кесиптик чыгармачылыкты өркүндөтүү жана иш тажрыйбаларды жайылтуу  максатында өткөрүлгөн “Жыл мектеби-2023” жана “Жыл бакчасы-2023” кароо-сынактарынын жеңүүчүлөрүн куттуктады.

Алдынкы  жамааттарга Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн жана Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин дипломдору жана баалуу белектери, өтмө туу тапшырылды.

Андан сырткары көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн 11 ардагер мугалим Ноокен районунун “Билим берүүнүн ардагери” төш белгиси менен сыйланышты.

Мугалимдердин педагогикалык кеңешмесин уюштурууга жакындан көмөк көрсөткөн биздин өнөктөш Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровго, Ноокен айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин жана бакчалардын  жалпы эмгек жамаатына ыраазычылык билдирилди.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБнын инспектору Т.Бакиров