Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдардын жайкы эс алуусуна даярдык иштери башталды

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетиин төрагасы А.Исмаилов 2023-жылдын 15-16-майында Аксы районунда иш сапар менен болду.

Аксы районундагы “Сары-Челек” балдардын ден соолугун чыңдоо борборунда Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Аксы райондук комитетинин төрагасы С.Камчыбеков менен бирге жайкы эс алууга даярдык иштери менен таанышышты. Аткарылып жаткан иштердин сапаты боюнча сунуштарын билдиришти.

Жаңыдын түзүлүп жаткан шарттар кесиптик бирлик лидерлерин кубандырды.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров