Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдардын жайкы эс алуусу көңүлдүү өтүүдө

Борбордук комитеттин 2023-жылда жайкы эс алууну уюштуруу иш чараларынын негизинде Жалал-Абад областынын билим берүү кызматкерлеринин балдары үчүн 660 жолдомо бөлүнүп берилген. Жалал-Абад областтык комитети областагы балдардын ден соолугун чыңдоочу борборлор менен макулдашууларды түзүп, балдардын эс алууларын уюштурууда. Азыркы күнү областагы кесиптик бирликтин райондук, шаардык комитеттери тарабынан эс алуулар кызуу уюштурулууда.

Жалал-Абад областтык комитеттин төрагасы А.Исмаилов менен жооптуу кызматкери А.Айдаров 154 бала эс алып жаткан жаңгак зарлуу Арастанбап-Ата ден соолукту чыңдоо борборунда 2023-жылдын 21-июлунда болуп, түзүлгөн шарттар менен жакындан таанышышты. Балдар менен маектешип аларды кызыктырган суроолоруна жоопторду беришти.

Эс алуулуну уюштуруп жаткан кесиптик бирликтин жетекчилерине жана борбордун тарбиячыларына балдыр өз ыраазычылыктарын айтышты.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров